Загрузка документа…
ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-марты № 41
М. Дадабаев, А.Мырзаев, Н. Мавланкулов, Осмонбеков Р., Мадалиев Б., Калдыралиев Т. жөнүндө
Үч-Коргон айылдык кеңешинин депутаттары Дадабаев Миржалал райондук имам болгондугуна байланыштуу, Мырзаев Аскар Ашымович жана Мавланкулов Нурлан Ызанович муниципалдык кызматка өткөндүгүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 24-беренесинин 3-пунктунун талабына ылайык, депутаттыкка талапкерлер Осмонбеков Руслан Осмонбековичти, Мадалиев Болот Шабдановичти, Калдыралиев Таалайбек Салымбаевичти Үч-Коргон айылдык аймагынын айылдык кеңешинин депутаттыгына каттоо маселесин,
Үч-Коргон айылдык аймагынын айылдык кеңеши талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Коргон айылдык кеңешинин депутаттары Дадабаев Миржалал райондук имам болгондугуна байланыштуу, Мырзаев Аскар Ашымович жана Мавланкулов Нурлан Ызанович муниципалдык кызматка өткөндүгүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 24-беренесинин 3-пунктунун талабына ылайык депутаттык ыйгарым укуктары токтотулсун жана мандаттары жараксыз деп табылсын:
2. Депутаттыкка талапкерлер Осмонбеков Руслан Осмонбекович, Мадалиев Болот Шабданович, Калдыралиев Таалайбек Салымбаевич Үч-Коргон шайлоо округунан көп добуш алышып, кезекте тургандыгына байланыштуу Үч-Коргон айылдык кеңешинин депутаттыгына катталышсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырам.
Төрага |
З. Курманалиев |