Загрузка документа…
ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-марты № 42
Талас-Тараз авто жолунун жээгиндеги кара жыгач жөнүндө
Үч-Коргон айылдык аймагынын депутаттары Кызыл-Жылдыз айылынын түндүк жагындагы, Талас–Тараз автожолунун чыгыш тарабындагы сегиз кара жыгач проект менен отургузула турган ийне жалбырактуу көчөттөрдү отургузуу иштерине тоскоол болуп жаткандыгы жөнүндө талкууга салып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогоруда аталган 8 (сегиз) кара жыгачтын ордуна ийне жалбырактуу көчөттөр отургузулуп, жашылдандыруу, көрктөндүрүү жагы колго алынсын.
2. Проектинин негизиндеги келе турган ийне жалбырактуу көчөттөр толугу менен отургузулуусу Турак Жай Коммуналдык Чарба боюнча башкы адиси А.Райымбековго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл өкмөт башчысы М. Акматовго милдеттендирилсин.
Төрага |
З. Курманалиев |