Загрузка документа…
ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-марты № 43
Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн 2015-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
1. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн 2015-жыл бюджетинин киреше бөлүгү айыл өкмөтүнө түшкөн каражаттардын эсебинен түзүлөт
2. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетинин кирешелер боюнча болугу7426.4мин сом жана чыгашалар боюнча 7426,4 миң сом өлчөмүндө бекитилет. Анын ичинен теңдөөчү грант 1063,0 миң (спецсчет) атайын счет 1265,0мин сом жергиликтүү бюджеттен 5098,4 миң сом.
3. Айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржыланган бөлүмдөрү жана бөлүмдөрдүн чыгымдоолору каралган каражаттын чегинде жүргүзүлөт.
4. Айыл өкмөтүнүн жыл ичинде каржылоо зарыл учурда бир бөлүмдөн экинчи бөлүмгө, бир статьядан экинчи статьяга өзгөртүү киргизүү үчүн Үч-Коргон айыл Кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссия тарабынан каралгандан кийин айылдык кеңештин буйрук токтомунун негизинде аткаруу жагын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын у.м.а. Р.Байходжаевага милдеттендирилсин.
5. Биринчи кезекте каржылоону корголгон статьяларга жүргүзүлөт (айлык акы, соц. фонд, жана тамак аш жана коммуналдык чыгымдар)
6. Жергиликтүү бюджеттин киреше булагы аз чыгаша булагы көп болгондуктан киреше булагынын аздыгынан электр энергиясынын жана башка статьяларга чыгаша булактарын каржылоо үчүн теңдөөчү грант берүү жагы суралсын.
7. Токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын у.м.а.Р.Байходжоева милдеттендирилсин.
8.Токтомдун көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы М.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага | З. Курманалиев |