Загрузка документа…
ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-марты № 46
Үч-Коргон айылындагы Джороев Нажим атындагы авто жолу жөнүндө
Үч-Коргон айылындагы жаңы аталган Джороев Нажим авто жолунан, айыл тургундары, айыл тирчилигине чоң тоскоол болуп авто унаалар өтө албай жаткандыгы жөнүндө талкууга салып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Коргон айыл аймагынын Үч-Коргон айылы менен Талас-Тараз автотрассасына оңой чыгуу жолду кыскартуу максатында, Джороев Нажимдин атындагы жаны ачылган жолду, оңдоп түзөө иштерине айыл өкмөтүнүн эсебинен 317182 (үч жүз он жети миң жүз сексен эки) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Джороев Нажим авто жолун ишке киришкенден тартып көзөмөлгө алуу боюнча туруктуу комиссия түзүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Үч-Коргон айыл өкмөт башчысы М.Р.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага | З. Курманалиев |