Загрузка документа…
ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-марты № 48
Үч-Коргон айылдык аймагынын Кеңеш айылынын тургуну, мугалимдик кесипте эмгеги сиңген Султанбекова Найчачты Кыргыз Республикасынын Президентинин «Ардак грамотасына» көрсөтүү жөнүндө
Үч-Коргон айылдык кеңешинин эл депутаттары, Үч-Коргон айыл аймагында Кеңеш айылынын тургуну эл агартуунун отличниги, көп жылдан бери эмгек сиңирген мугалими, активдуу коомдук ишмер жана көп сыйлыктардын ээси азыркы учурда ардактуу эс алууда жүргөн Султанбекова Найчачтын көп жылдык мугалимдик кесиптеги эмгегин баалап, Уч-Коргон айылдык кеңешинин эл депутаттары талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Коргон айылдык Кеңеши, Кеңеш айылынын тургуну Султанбекова Найчачтын сиңирген эмгегин эске алып Кыргыз Республикасынын Президентинин «Ардак Грамотасына» сунушталсын.
2. Ушул токтомду ишке ашыруу жагы Манас райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам
Төрага | З. Курманалиев |