ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
2015-жылдын 28-августу № 54
Кызыл-Жылдыз айылындагы Кризистик колдоо борборуна айыл өкмөт бюджетинин эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Үч-Коргон айылдык аймагына караштуу Кызыл-Жылдыз айылында жайгашкан кризистик колдоо борборунда иштеп жаткан жумушчулардын айлык акысын айыл өкмөтүнүн бюджеттик эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жагы айылдык кенештин депутаттарынын талкуусуна салынып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кризистик Колдоо борборунда иштеп жаткан ашпозчу жана техничкасына айлык акы бөлүп берүү жагы каралсын.
2. 2015-жылдын июль айынан декабрь айына чейин ай сайын 3500 (үч миң беш жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчысы М.Р.Акматовго милдеттендирилсин.
Төрага | З. Курманалиев |