Редакцияот 22.10.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

    Үч-Коргон айылдык кеңешинин Эл  депутаттарынын  кезексиз  чакырылган  сессиясы

 

2015-жылдын 22-октябры № 60

Үч-Коргон  айылына  спорт  аянтчасын куруу  үчүн  жер  бөлүп   берүү  жөнүндө

Үч-Коргон айылдык аймагына караштуу Үч-Коргон айылынын жашоочуларынын     Үч-Коргон айылына  спорт  аянтчасын   курууга   жер  бөлүштүрүп  берүү   жөнүндөгү  арызын  карап,  талкуулап айылдык  кеңештин депутаттары  

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Үч-Коргон  айылындагы  Кадырбаев   Абдрахман  атындагы   көчөнүн  №  ___   жайгашкан 1,20  га(Бир  гектар  жыйырма  сотых)  жер  аянты   спорт  аянтчасын куруу үчүн  айыл жашоочуларына пайдаланууга  бөлүнүп   берилсин.

2. Курула  турган   спорт  аянтчасына  Үч-Коргон   айылынын  жашоочуларынын   жыйынынын  чечиминин  негизинде  Үч-Коргон  айылынын  атуулу Карабаев  Пазилдин   ысмы   ыйгарылсын. 

3. Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Үч-Коргон  айыл  өкмөт  башчысы М.Акматовго  милдеттендирилсин. 

 

Төрага

З. Курманалиев