Редакцияот 18.03.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

    Кара-Жыгач айыл кеңешинин депутаттарынын 7-чакырылышынын

кезексиз  14-сессиясы

 

2015-жылдын 18-марты № 14/6

Кара- Жыгач айылдык кеңешине келип түшкөн арыздарды кароо

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын бюджетинен 100 000 (жүз миң) сом каражат жерлерди жайыт категориясынан конуш категориясына  которууга топо сьемка,  ген  план түзүүгө бөлүнүп берилсин.

 2. Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн аймагында өзгөчө кырдаал түзүлгөн учурда, ыкчам аракеттерди көрүү үчүн, күйүүчү майлардын запасын кармоо үчүн, Кара-Жыгач айыл  өкмөтүнүн 2015-жылдын бюджетинен  100 000 (жүз миң) сом каражат бөлүнүп берилсин.

 3. Сыны айылынын Көк-Тонду участкасынын жолун оңдоо үчүн -100 000сом бөлүнсүн.

 4. Сыны айылынын сел алган арыктарын ондоо үчүн - 50 000 сом бөлүнсүн

 5. Сыны айылынын Оут участкасына көпүрө салуу үчүн - 100 000 сом бөлүнүп берилсин

 6. Дардак-Дөбө айылына таза суу алып келүү үчүн -50 000сом бөлүнүп берилсин.

 7. Тор-Камыш айылындагы суугат суу үчүн орнотулган насосту королоо үчүн -10 000сом

 8. Чарба каналын тазалоо үчүн-60 000сом бөлүнүп берилсин.

 9. А.Молдокеев орто мектебинин спорт инвентарлары ж.б. ремонт иштери үчүн -    50000 сом берилсин.

10. К.Чекиров орто мектебини шашке чайды,ысык тамакка өткөрүү боюнча - 200 000 сом  бөлүнсүн.

11. Спорт комплексинин документтерин даярдоо үчүн - 30 000сом бөлүнүп берилсин.

12. Кара-Жыгач айылына спорт площадка куруу үчүн - 150 000сом бөлүнүп берилсин.

13. Айыл өкмөткө  ВЕБ-САЙТ  ачуу үчүн - 40 000 сом бөлүнүп берилсин.

14. Борбордук-Көчөдөгү Тор-Камыш алышын тазалоо үчүн - 10.000 сом бөлүнүп берилсин.

15. А.Кулубаев негизги мектебине – 60 000 сом бөлүнсүн.

16. Токтом www.karazhygach.aksy.kg сайтында жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Кара-Жыгач айылдык кеңешинин төрагасы

 

А.Назарбеков