Редакцияот 14.07.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2015-жылдын 14-июлу № 01-05/167

Шаардык мэриянын аппаратынын түрдүү чыгымынан кыскартып Ш.Утебаев атындагы музыкалык мектептин ремонт чыгымына 78 800 сом акча каражатын которуп берүү жөнүндө

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткулованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренелерине ылайык

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата шаарынын финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткулованын кайрылуусу эске алынсын.

2. Кочкор-Ата шаарынын Ш.Утебаев атындагы музыкалык мектебин куруудагы 2014-жылдын кредитордук карызынын эсебинен, Ш.Утебаев атындагы музыкалык мектептин ажаатканасын курууга, мэриянын аппаратынын түрдүү чыгымынан 78 800 (жетимиш сегиз миң сегиз жүз) сом акча каражаты которулуп берилсин.

3. Аткаруу жагы Кочкор-Ата шаарынын мэри мырза К.М.Эгембердиевге жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Кочкор-Ата шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары

 

А. Нусупбеков