Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-июлу № 01-05/169
Маматова Назгүлдүн кайрылуу каты жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы, Кочкор-Ата шаарындагы мамлекеттик нотариалдык канторасынын ижара акысын төлөө боюнча кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине, Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» мыйзамынын 48-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарындагы мамлекеттик нотариусунун жетекчиси Маматова Назгүлдүн кайрылуусу эске алынсын.
2. Кочкор-Ата шаарындагы мамлекеттик нотариусунун ижара акысы төлөнүп берилсин.
3. Төлөнүүчү каражат аппараттын түрдүү чыгым статьясынан 60 000 (алтымыш миң) сом каржылансын.
4. Аткаруу жагы Кочкор-Ата шаарынын мэри мырза К.М.Эгембердиевге жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Каржы, бюджет, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары |
А. Нусупбеков |