Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-июлу № 01-05/171
Депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “СДПК” фракциясынын депутаты Абдраманов Кадырбек Тагаевичтин депутаттык мандатын өз каалоосу менен тапшыруу жөнүндө жазган арызын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамынын 52-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “СДПК” фракциясынын депутаты Абдраманов Кадырбек Тагаевичтин жазган арызы боюнча депутаттык ыйгарым укугу токтотулсун.
2. Саясий партиянын жетектөөчү органы тарабынан сунушталган, партиянын тизмесинде шайланган депутаттардан кийинки катталган талапкерди бош калган депутаттык мандаттарды ыйгаруунун карап чыгуу Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү “Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары |
А. Нусупбеков |