Редакцияот 14.07.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2015-жылдын 14-июлу № 01-05/173

№77 кесиптик лицейдин окуу имараттарынын  чатырын алмаштыруу жана фасадын ремонттоо боюнча долбоору үчүн  жергиликтүү бюджеттен 30%дык депозитин 2016-жылдын бюджетинен ажыратып берүү жөнүндө

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы , Кочкор-Ата шаарынын вице-мэри Немат уулу Жайнактын №77 кесиптик лицейдин окуу имараттарынын  чатырын алмаштыруу жана фасадын ремонттоо боюнча долбоору үчүн  жергиликтүү бюджеттен 30%дык депозитин 2016-жылдын бюджетинен ажыратып берүү жөнүндө билдирүүсүн угуп, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 31-беренесине негиз

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата шаарынын вице-мэри Немат уулу Жайнактын  №77 кесиптик лицейдин окуу имараттарынын  чатырын алмаштыруу жана фасадын ремонттоо боюнча долбоору үчүн  жергиликтүү бюджеттен 30%дык депозитин 2016-жылдын бюджетинен ажыратып берүү жөнүндө билдирүүсү эске алынсын.

2. №77 кесиптик лицейдин окуу имараттарынын  чатырын алмаштыруу жана фасадын ремонттоо боюнча долбоору үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 30% дык депозити боюнча 2016- жылдын бюджетинен 1 049 530 (бир миллион кырк тогуз миң беш жүз отуз) сом акча каражатын  ажыратып берүү жагы Кочкор-Ата шаардык мэриясынын каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  «Бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери  боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Кочкор-Ата шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары

 

А. Нусупбеков