Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-июлу № 01-05/174
Айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын коэфициентин бекитүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы, Кочкор-Ата шаар аймагындагы айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын коэфициентин бекитүүнү карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Салык Кодексинин” 339-беренесинин 4-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаар аймагындагы айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын К3 зоналык коэфициентинин өлчөмү 1,2 өлчөмүндө белгиленип бекитилсин.
2. Салыктын түрлөрү боюнча пландын аткарылышын, жылына бир жолу отчёттук мезгилде, шаардык Кеңештин сессиясында маалымат берип туруу жагы мэриянын салык бөлүмүнүн ага салыкчысына милдеттендирилсин.
3. Көмүскө экономиканы ачыкка чыгарып, салыктарды төлөтүү ага салыкчыга милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевге милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “бюджет, каржы, экономика жана инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары |
А. Нусупбеков |