Загрузка документа…
ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-декабры № 24/5
1-Май айылындагы Т.Тынымбаев атындагы орто мектебинин эски жылытуу системасынын трубаларын сатуу үчүн комиссия түзүү жөнүндө
Депутаттардын Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талды-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу 1-Май айылындагы Т.Тынымбаев атындагы орто мектебинин эски жылытуу системасынын трубаларын сатуу боюнча айылдан комиссиянын курамы түзүлсүн.
2. Эски трубаларды сатып, түшкөн каражатты мектептин муктаждыктарына жумшоону көзөмөлдөө түзүлгөн комиссиянын курамына жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Т.Тынымбаев атындагы орто мектебинин директору Э Жантемировага милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Молоев |