Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 9-декабры № 227/28-6
Талас шаарынын жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту, «Кыргыз Республикасынын Муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын 28-статьясы, Талас шаардык мэриясынын 04.12.2015-жылдагы №01-5/1409 сандуу жана Талас шаардык кенешинин 04.12.2015-жылдагы №108 чыгыш сандуу каттарынын негизинде, Талас шаардык кенешинин Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын № 5 протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын жыйынтыгы менен Талас шаарынын жергиликтүү бюджетин аткарууда кирешенин чыгашадан ашкан суммасын бөлүштүрүүдөн үнөмдөлгөн жана пайдаланылбай калган жалпы суммасы 280,5 миң сом акча каражатынын эсебинен Талас шаардык өз алдынча башкаруусу мэриясынын жана Талас шаардык кенешинин муниципалдык кызматкерлерине материалдык жардам көрсөтүү үчүн 2111 статьясына 245,0 миң сом, 2121 статьясына 35,5 миң сом бөлүп, каржылоого макулдук берилсин.
- Зордук зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жабыр тарткан балдарга жардам берүү борборун кармоого кеткен чыгымдар үчүн бекитилген 549,2 миң сомдон -188,8 миң сом;
- Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө мыйзамды аткарууга карата түзүлгөн иш чараларды уюштуруу үчүн 150,0 миң сомдон -51,7 миң сом;
- Врачтардын депозитине келишимдин негизинде бөлүнгөн 48,0 миң сомду кошуп, жалпы 280,5 миң сом Талас шаардык мэриясы аркылуу каржылансын.
2. Талас шаарынын жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана бөлүнгөн акча каражаттары менен камсыздоо жагы Талас шаардык каржы бөлүмүнүн башчысына (Ж.М.Ниязалиев) милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаңы Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Ж.Сариева) тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Мамбетов Р.М.) жүктөлсүн
Төрага | А. Джузупбеков |