Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-июну № 189/22-6
Талас шаардык мэриясынын алдында Улуттук элдик аспаптар оркестрин ачуу жөнүндө
Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 2015-жылдын 2-июнундагы 01-2/590 сандуу катынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун 2-пунктчасына ылайык, Талас шаарында улуттук маданиятты өнүктүрүү максатында Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык мэриясынын алдында Улуттук элдик аспаптар оркестрин ачууга макулдук берилсин.
2. Талас шаарынын 2015-жылга карата бекитилген жергиликтүү бюджетинен Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына бөлүнүп, түрткү берүүчү грантка каралган акча каражатынын эсебинен Талас шаардык маданият бөлүмүнө жаны ачылган Улуттук элдик аспаптар оркестрин улуттук кийимдер менен камсыздоо максатында 154 000 (жүз элүү төрт миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Талас шаардык финансы бөлүмүнө (Ж.Ниязалиев) шаардын бюджетине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду белгиленген тартипте массалык маалымат каражаттарына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы шаардык кеңештин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р.Мамбетов) тапшырылсын.
Төрага | А. Джузупбеков |