Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-июну № 190/22-6
Талас шаарынын “Шаар күнү” жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 2015-жылдын 2-июнундагы 01-2/590 сандуу катын карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарында “Шаар күнү” ар бир жылдын 22-июнунда белгиленсин.
2. Бул токтомду белгиленген тартипте массалык маалымат каражаттарына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кеңешинин Депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий объектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымына(А.Ажибаева) тапшырылсын.
Төрага | А. Джузупбеков |