Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-ноябры № 210/27-6
Талас шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 2013-жылдын 15-ноябрындагы № 201 мыйзамынын 24-беренеси, Талас шаардык кеңешинин №72\10-6 сандуу токтому жана КРнын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 18-сентябрындагы №143 токтомунун 1-тиркемеси жана Талас шаардык кеңешинин Регламентинин II бөлүмүнүн 3-бапынын 3.4 пунктуна ылайык, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы карап, талкуулап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп Республика партиясынан Талас шаардык кеңешине депутат Ажибаева Айнура Жакшымбековна шайлансын.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаны Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына(А.Сариева) тапшырылсын.
Төрага |
А. Джузупбеков |