Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-ноябры № 212/27-6
Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу – мэриясынын 2015-жылдын январь-сентябрь айларына карата социалдык – экономикалык өнүктүрүү Программасынын аткарылышы жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2- 6 пункту, 44-беренесинин 1 бөлүмүнүн 8-пунктуна ылайык, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу- мэриясынын 2015-жылдын 27-октябрындагы №01-3/1278 чыгыш сандуу катынын негизинде Талас шаардык мэриясынын социалдык экономикалык өнүктүрүү Программасынын аткарылышы жөнүндө отчетун карап талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясынын шаарды социалдык - экономикалык жактан өнүктүрүү Программасынын 2015-жылдын январь-сентябрь айларына карата аткарылышы жөнүндө отчету айрым кемчиликтерин эске алуу менен “канааттандырарлык” деп табылсын.
2. Токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Ж.Сариева) тапшырылсын.
Төрага |
А. Джузупбеков |