Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-ноябры № 213/27-6
Талас шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2015-жылдын 9 айынын аткарылышы жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2 бөлүмүнүн 2-пункту, Талас шаардык кеңешинин 2015-жылга карата иш планы жана Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун негизинде, Талас шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2015-жылдын 9 айынын аткарылышын карап талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2015-жылдын 9 айынын аткарылышын официалдуу трансферттерди жана атайын каражаттарды кошкондо кирешелер боюнча 82912,8 миң сом суммасында, анын ичинде, мамлекеттик салыктар жана жыйымдар 64911,7 миң сом көлөмүндө жана жалпы чыгашалар боюнча 82023,3 миң сом суммасында бекитилсин.
2. Талас шаарынын мамлекеттик салык кызматы боюнча башкармалыгынын башчысы (Чынкожоев А.Т), Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы (Киргабаков.Т.С.) 2015- жылга бекитилген жергиликтүү бюджеттин киреше булагын аткаруу жагы милдеттендирилсин.
3. Талас шаарынын биринчи вице-мэрине (Койчубеков.А.К.) жергиликтүү бюджеттин киреше булагын көбөйтүү боюнча көзөмөлдү күчөтүү жагы милдеттендирилсин.
4. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык «Жаны багыт» газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кеңешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Р. Мамбетов) тапшырылсын.
Төрага |
А. Джузупбеков |