Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-ноябры № 214/27-6
Жергиликтүү бюджеттин атайын каражат боюнча планын 4068,5 миң сомго азайтуу жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча» мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту, Талас шаардык Каржы бөлүмүнүн 23.10.2015-жылдын № 40 чыгыш сандуу каты жана Талас шаардык кеңешинин Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун негизинде карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2015-жылдын 9 айлык планын аткарууда атайын каражат боюнча 2 948,5 миң сомго план аткарылбай, жылдын аягына чейин дагы 1 120,0 миң сомго атайын каражат боюнча киреше түшпөгөндүгүнүн натыйжасында жалпы 4 068,5 миң сомго азайтуу жагы жактырылсын.
2. Планды азайтуу боюнча кабыл алынган токтом Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына(А.Сариева) тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р.Мамбетов) тапшырылсын.
Төрага |
А. Джузупбеков |