Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-ноябры № 215/27-6
Талас шаарынын жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту, Талас шаардык кеңешинин 2015-жылга карата иш планы жана Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын № 4 протоколдук сунушунун негизинде, Талас шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2015-жылдын 9 айынын аткарылышын карап талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2015-жылга карата бекитилген бюджетинен Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын жана Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасынын кээ бир беренелеринен үнөмдөлгөн, атайын каражаттын эсебинен топтолгон жана 2014-жылдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин кирешенин чыгашадан ашкан суммасынан муниципалдык автоунааларды сатып алууга бөлүштүрүлүп пайдаланбай калган жалпы суммасы 2327,0 миң сом акча каражатынын эсебинен төмөндөгү иштерди аткарууга макулдук берилсин:
- Талас шаардык муниципалдык “Таза-Суу” ишканасына АРИС программасы аркылуу 1(бир) даана эксковатор баасы 1600,0 миң сомдун өздүк салымы үчүн 160,0 миң сом жана 1(бир) даана ширетүүчү аппараттын баасы 261395 сомдун өздүк салымы үчүн 26139 сом;
- Жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүү республикалык фонду тарабынан бөлүнгөн долбоордун негизинде 1(бир) даана таштанды чыгаруучу автоунаа баасы 3600,0 мин сомдун өздүк салымы үчүн 360,0 мин сом жана 164 даана таштанды таштоочу контейнерлердин баасы 600,0 мин сомдун өздүк салымы үчүн 175,0 мин сом;
- Талас шаарынын Оторбаев көчөсүнүн батыш тарабына “ГазПром”ишканасы тарабынан курулуп жаткан спорт комплексине таза суу түтүгүн тартуу үчүн 495,3 мин сом жана электр чубалгысы менен электр чордонун орнотуу үчүн 929,3 мин сом;
- Талас шаарындагы Э.Кутманалиев атындагы борбордук стадиондун трибунасынын чатырынын долбооруна автордук көзөмөлдөө, сметасын түзүү жана техникалык көзөмөлдөө үчүн 58336 сом, О.Өмүрбеков көчөсүнүн №32 дарегинде жайгашкан китепкананын имаратынын капиталдык ондоосунун сметасын түзүү жана техникалык көзөмөлдөө үчүн 38900 сом, Талас шаардык өспүрүм балдардын күрөш боюнча спорттук мектебинин имаратынын капиталдык ондоосунун сметасын түзүү жана техникалык көзөмөлдөө үчүн 48414 сом жалпы 145,7 миң сом;
- Талас шаарында 2016-жылга карата Кыргыз Республикасынын Улуттук Статистика комитети тарабынан каттоо иштери жүргүзүлгөндүгү үчүн 28,8 миң сом жана шаардын 1500 масштабдагы картасын түзүү үчүн 6,8 миң сом;
2. Бул акча каражаттары Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын 2015-жылдын жергиликтүү бюджетинде бекитилген имарат курулуш беренесинен 380,0 миң сом, ар кандай чыгымдар беренесинен 120,0 миң сом, Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын атайын каражатка түшкөн 670,0 миң сом жана 2014-жылдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин кирешенин чыгашадан ашкан суммасынан муниципалдык автоунааларды сатып алууга бөлүштүрүлүп пайдаланбай калган 530,0 миң сом, Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасынын ар кандай чыгымдар беренесинен 600,0 миң сом акча каражаттарынын эсебинен Талас шаардык муниципалдык башкармалыгы аркылуу каржылансын.
- Талас шаарындагы №3 орто мектепти көмүр отуну менен жылытууга өткөргөндүгүнө байланыштуу Талас шаардык билим берүү бөлүмүнүн электр энергия беренесинен 660,0 миң сом азайтылып, көмүр отунун сатып алуу беренесине которулуп каржылансын.
- Кыргыз Республикасынын шаарлары арасында жергиликтүү кенештердин депутаттарынын кичи футбол боюнча Кубогу үчүн Кызыл-Кыяда өтүүчү мелдешке катышып келүүсү үчүн кошумча 20,0 миң сом, Талас шаарынын 2014-жылдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин кирешенин чыгашадан ашкан суммасынан Талас шаардык кенешине эмерек инвентарларын алуу үчүн бөлүнгөн 20,0 миң сомдун эсебинен Талас шаардык кеңеши аркылуу каржылансын.
3. Жогорудагылардын негизинде Талас шаарына алынып келинген техникалар Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына алынып, Талас шаарынын реестрине киргизилсин жана чарба жүргүзүү келишиминин негизинде тиешелүү мекемелерге өткөрүлүп берилсин.
4. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаңы Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Ж.Сариева) тапшырылсын.
5.Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Мамбетов Р.М.) жүктөлсүн.
Төрага |
А. Джузупбеков |