Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-ноябры № 216/27-6
Талас шаардык билим берүү бөлүмүнүн күз-кыш мезгилдерине карата даярдыгы жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пунктуна ылайык, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2015-жылга карата иш планынын негизинде Талас шаардык кенешинин Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын №3 Протоколдук чечимин карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык билим берүү бөлүмүндө (Б.Керимбаев) мектептердин жана мектепке чейинки мекемелердин 2015-2016-жылдын күз- кыш мезгилдерине карата даярдыгы эске алынсын.
2. Талас шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысына (Б.Керимбаев) Талас шаарындагы мектептердин жана мектепке чейинки мекемелеринин күз- кыш мезгилдерине карата даярдык иштерин күчөтүп, көмүр отуну менен толук камсыздоо жана айнектерди 2 кабаттоо боюнча иш аракеттерди көрүү жагы милдеттендирилсин.
3.э Талас шаарындагы№1, №3, №5, №6, №7 орто мектептердин айнектерин 2- кабаты менен камсыздоо боюнча жергиликтүү бюджеттен акча каражат табуу жагы Талас шаардык мэриясына сунушталсын.
4. № 9,№6 балдар бакчанын аянтчасында жайгашкан жана балдарга кооптуулук жараткан тал теректерди бутап тартипке келтирүү боюнча Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы (Т.Киргабаков) Талас шаардык тех инспекциясы менен биргеликте тез арада иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
5. Кабыл алынган токтомду шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кеңешинин Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Н.Осмонов) милдеттендирилсин
Төрага |
А. Джузупбеков |