Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-ноябры № 218/27-6
Беккери чункурун келишимдик негизде Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасына өткөрүү жана Талас шаарынын реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 5-пунктуна жана «Кыргыз Республикасынын Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 9-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 12.10.2015-жылдын 01-1/1205 чыгыш сандуу катынын негизинде карап талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын түштүк чек арасындагы Калба айыл аймагынан бөлүнүп берилген 100кв.м жер тилкесинде жайгашкан Беккери чуңкуру Талас шаардык Муниципалдык менчик башкармалыгынын балансынан чарба жүргүзүү келишиминин негизинде Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү Муниципалдык ишканасынын балансына өткөрүлүп берилсин.
2. Талас шаарынын реестрине тиешелүү тартипте өзгөртүүлөр киргизилсин.
3. Кабыл алынган токтомду шаардык Жаңы Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кеңешинин Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р. Мамбетов) тапшырылсын.
Төрага |
А. Джузупбеков |