Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-ноябры № 219/27-6
Талас шаарынын Ж.Мырзалиев көчөсү №76 дарегинде жайгашкан Административдик базаны чарба жүргүзүү келишиминин негизинде Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү Муниципалдык ишканасынын балансына өткөрүү жана Талас шаарынын реестрине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 5-пункту жана «Кыргыз Республикасынын Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 9-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу–мэриясынын 23.10.2015-жылдын №01-1/1263 сандуу катынын негизинде Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын Ж.Мырзалиев №76 көчөсүндө жайгашкан Административдик база Талас шаардык муниципалдык башкармалыгынын балансынан чарба жүргүзүү келишиминин негизинде Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасынын балансына өткөрүлүп берилсин.
2. Талас шаарынын реестрине тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилсин.
3. Токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кенешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р.Мамбетов) тапшырылсын.
Төрага |
А. Джузупбеков |