Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-ноябры № 220/27-6
Талас шаарында орнотулган трансформатордук подстанцияларды жана бийик линияны Талас шаардык Түндүк электр ишканасынын балансына өткөрүү жана реестрге өзгөртүү киргизүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнун 5-пункту жана «Кыргыз Республикасынын Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 9-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 23.10.2015-жылдын №01-1/1264 сандуу катынын негизинде Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарындагы төмөнкү даректерде орнотулган трансформаторлор:
1. Чубак Сатаев №52-54 көчөсүндөгү ТП10/-04 КВ кубаттуулугу 160 КВА баасы 480,6 сом;
2. Нуржанов көчөсү (Талас шаарынын чыгыш бөлүгү)ВЛ-0,4КВ баасы 170,0 сом;
3. Сарногоев көчөсү, Талас облустук ооруканасына коюлган ТП100 КВА бийик линиясы кошуу ВЛ1)КВ баасы 497,2 сом Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын балансынан чарба жүргүзүү келишимдин негизинде Түндүк электр ишканасына өткөрүлүп берилсин.
2. Талас шаарынын реестрине тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилсин.
3. Токтомду Талас шаардык Жаңы Багыт газетасына жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кенешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р.Мамбетов) тапшырылсын.
Төрага |
А. Джузупбеков |