Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-ноябры № 221/27-6
Талас шаардык муниципалдык автотранспорттордун жана техникалардын реестрине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 5-пунктуна жана «Кыргыз Республикасынын Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 9-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Талас шаардык Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 12.10.2015 жылдын 01-1/1204 чыгыш сандуу катынын негизинде карап талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык ички иштер бөлүмүнө материалдык -техникалык базасын чыңдоо максатында сатылып алынган “Ниссан-Бассара” маркасындагы автоунаасы Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын балансынан оперативдик башкаруу келишиминин негизинде Талас шаардык ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилсин.
2. Талас шаардык муниципалдык автотранспорттордун жана техникалардын реестрине өзгөртүүлөр киргизилсин.
3. Кабыл алынган токтомду шаардык Жаңы Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына(А.Сариева) тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кеңешинин Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р. Мамбетов) тапшырылсын.
Төрага |
А. Джузупбеков |