Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-ноябры № 225/27-6
Талас шаарынын ”Ардактуу атуулу” төш белгисин бекитүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 1 бөлүмүнө ылайык, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясынын 30.10.2015-жылдын №01-5/1298 чыгыш сандуу катынын жана Талас шаардык кеңешинин VI чакырылышынын XXVII сессиясынын протоколдук сунушунун негизинде карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын “Ардактуу атуулу” төш белгиси № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Талас шаарынын “Ардактуу атуулу” жөнүндө жобосуна өзгөртүүлөр киргизилсин.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаңы Багыт газетасына жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кеңешинин Депутаттык этика, мыйзамдуулук, укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана көчөлөрдүн жана башка социалдык обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Б.Тууганбаев) тапшырылсын.
Төрага |
А. Джузупбеков |