Загрузка документа…
АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-февралы № 4
Ак-Коргон айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 26-беренесинин 1-1 пунктуна ылайык, Ак-Коргон айылдык аймагынын айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине таянып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде (кыргызча) гана кабыл алынсын.
2. Аталган токтом Жалал-Абад облустук "Акыйкат" гезитине жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүно милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Коргон айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Матхаликов Дониерга милдеттендирилсин.
Төрага |
Т. Отаханов |