Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-январы № 14/1
«Айыл Өкмөтү менен коомчулуктун ортосундагы маалымат алмашуу компаниясын жакшыртуу» долбоору жөнүндө
ЭУ жана ЖОБО ЖБП долбоорундагы жалпы жыйында артыкчылыкка ээ болгон «Айыл өкмөту менен коомчулуктун ортосундагы маалымат алмашуу компаниясын жакшыртуу» долбооруна жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүп берүү жана 2015-2017-жылга түзүлгөн «Биргелешкен аракет планды» бекитүү боюнча Фасилитаторлордун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз ХIV-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Жыйында артыкчылыктуу долбоорго ээ болгон «Айыл Өкмөтү менен коомчулуктун ортосундагы маалымат алмашуу компаниясын жакшыртуу» долбоору жактырылсын.
2. Тандалып алынган «Айыл Өкмөтү менен коомчулуктун ортосундагы маалымат алмашуу компаниясын жакшыртуу» долбооруна жергиликтүү бюджеттен 10% дан кем эмес 40 (кырк) миң сом акча каражатын бөлүп берүү ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
3. Сатып алуулар «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү» мыйзамынын негизинде жүргүзүлсүн.
4 2015-2017-жылга түзүлгөн Биргелешкен аракет планы (БАП) кошумчасы менен жактырылсын.
5. Аталган токтомду Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн веб сайтына Janyjol-aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Адылбековко жүктөлсүн.
6 .Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджеттик туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага |
Э.Байышов |