Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-апрели № 16/2
Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын атайын каражатын бекитүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн каржы бөлүм башчысынын К.Көкүмбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VI чакырылышынын XVI сессиясы:
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн 2015-жылга атайын каражатынын киреше жана чыгаша бөлүгү 65000 (Алтымыш беш миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн 2015-жыл үчүн атайын каражаттын чыгаша бөлүгү сметанын негизинде жумшалсын.
3. Аталган токтомду Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн веб сайтына Janyjol-aksу.kg расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Адылбековко милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасына жүктөлсүн.
Төрага | Э.Байышов |