Редакцияот 29.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХVII сессиясы

 

2015-жылдын 29-апрели № 17/1

Жаңы-Жол айыл аймагындагы тургундардын жеке менчигиндеги малдарды жакынкы жана алыскы жайыттарга чыгаруу жана жайлоодон көчүп келүү мөөнөтүн бада төлөмүн бекитүү жөнүндө

  Күн тартибиндеги Жаңы-Жол айыл аймагындагы айылдарда өткөн чогулуштардын жыйынтыгы боюнча, айыл башчылардын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын  ХVII сессиясы   

                                     Т О К Т О М  К Ы Л А Т;

1. Жакынкы жайыттарга көчүү-01.05.2015-жылга.белгиленсин. Жайлоодон көчүп келүү—10.09.2015-жылга белгиленсин. Белгиленген күндөн эрте көчүп келип, эгиндерди майкандаткан бадачыга административдик чаралар көрүлсүн.

2. Бада төлөмү—жандыкка-60 сом,кара малга-300 сом, тузу ичинде. Жоголгон малдын ордуна башына баш төлөнүп берилсин. Белгиленген бааны бузган бадачыларга актынын негизинде административдик чаралар көрүлсүн.

3. Жер айдоо төлөмү-үлүш жерлер—40 сомдон,менчик огороддор—50 сомдон белгиленсин.

4. Аталган  токтомду Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн веб сайтына Janyjol-aksy.kg расмий жарыялоо  жана Кыргыз  Республикасынын ченемдик  укуктук  актыларынын  мамлекттик  реестрине  киргизүү  жагы  жооптуу  катчы Адылбековко  жүктөлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрага

Э.Байышов