Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-октябры № 19/2
Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө караштуу К.Керимбеков атындагы Кой-Таш орто мектебинин ашканасын куруу долбооруна 2016-жылдын бюджетинен өздүк салымга каражат бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын финансы Министрлигинин алдындагы түрткү берүүчү гранттын бөлүмүнө сунушталган, Кой-Таш айылындагы К.Керимбеков орто мектебинин ашканасын куруу долбооруна 2016-жылдын бюджетинен өздүк салымга каражат бөлүп берүү жөнүндө, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХIХ сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кыргыз Республикасынын финансы Министрлигинин алдындагы түрткү берүүчү гранттын бөлүмүнө сунушталган, Кой-Таш айылындагы К.Керимбеков орто мектебинин ашканасын куруу долбоорун колдоо максатында,өздүк салымга 2016-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 154,4 (бир жүз элүү төрт миң төрт жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Жогорудагы акча каражатын мыйзамдуу жана максаттуу чыгымдоо ФЭБ башчысы К.Көкүнбаевге милдеттендирилсин.
3. Аталган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн
4. Аталган токтомду Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн веб сайтына Janyjol-aksy.kg расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Адылбековко жүктөлсүн.
Төрага | Э.Байышов |