Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 9-январы № 2
Убактылуу комиссиясын түзүү жөнүндө
Айылдын тургундарына турак жай салуу үчүн жер участогун ажыратып берүүдө тиешелүү документтерин текшерүү үчүн убактылуу комиссия түзүү үчүн Момбеков айылдык Кеңешинин ХХVI-чакырылышынын 17-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Айылдын тургундарына турак жай салуу үчүн жер участогун ажыратып берүүдө тиешелүү документтерин текшерүү үчүн төмөндөгүдөй курамда убактылуу комиссия түзүлсүн :
1. Сейитова Жамила
2. Маматибаримов Абдилай
3. Борбиев Адыл
4. Эргешов Молдали
5. Жаркулов Жамбыл
6. Кошоев Каныбек
7. Хурматов Исраил
2. Жогорудагы түзүлгөн убактылуу комиссияга айылдын тургундарына турак жай салуу үчүн жер участогун ажыратып берүүдө тиешелүү документтерди 15 күндүк мөөнөттө текшерүү жагы жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы убактылуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Мамыров |