Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-январы № 1
Чек айылына мамлекеттик бажысын куруу үчүн айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчиктеги жана айыл чарбасына жараксыз 1,50 га жер аянтын ажыратып жөнүндө
КР жер Кодексинин 32-статьясына таянып, Жалал-Абад областтык түштүк-батыш бажыканасынын 13.01.2015-жылдагы № 14-11-02\06-катынын негизинде айыл Өкмөтүнүн башчысынын орун басары З Тиллебаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кеңешинин ХХVI-чакырылышынын кезексиз 18-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Айыл Өкмөтүнүн башчысынын орун басары З Тиллебаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Чек айылына эл аралык мамлекеттик терминалын куруу үчүн айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчиктеги жана айыл чарбасына жараксыз 1,50 га жер аянты ажыратылып берилсин.
3. Тиешелүү документтерин документтештирүү жагы райондук шаар курулуш жана архитектура бөлүмүнөн жана райондук кадастр жана кыймылсыз мүлктөрдү каттоо башкармасынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл Өкмөтүнүн башчысынын орун басары З Тиллебаевге жүктөлсүн.
Төрага | К.Мамыров |