Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-январы № 2
АРИС программасы тарабынан эгилүүчү теректерди көзөмөлдөө үчүн комиссия курамын түзүү жөнүндө
Айыл Өкмөтүнүн жер, турак жай жана коммуналдык маселелер боюнча башкы адиси Т.Эгембердиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кеңешинин ХХI чакырылышынын кезексиз 18-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Айыл Өкмөтүнүн жер, турак жай жана коммуналдык маселелер боюнча башкы адиси Т Эгембердиевдин маалыматы эске алынсын.
2. АРИС программасы тарабынан эгилүүчү теректерди көзөмөлдөө үчүн төмөндөгүдөй курамда БМжБ тобунун курамы түзүлсүн :
1. Сейитканов А - айылдык Кеъештин депутаты, топтун төрагасы
2. Тиллабаев З - а/Өкмөтүнүн орун басары, катчысы
3. Раманкулов Б - жер адистин убакт. милд. аткаруучу, мүчөсү
4. Айыл чарбасы жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссия толугу менен
3. Теректерди эгүү үчүн мелиоративдүү жерден Чек айылынан 1 га, Кыла айылынан 1 га жер аянты 10 жылдык мөөнөт менен келишимдин негизинде ажыратылып берилсин.
4. АРИС программасы тарабынан эгилген теректердин 80 % зы теректин ээсине жана 20 % зы айыл Өкмөтүнө калтырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Мамыров |