Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-январы № 3
Жалал-Абад областтык чек ара штабын куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
КР Жер Кодексинин 32-статьясына таянып, Жаңы-Кыштак айылынын айыл Өкмөтүнүн жер, турак жай жана коммуналдык маселелер боюнча башкы адиси Т Эгембердиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезексиз 18-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Айыл Өкмөтүнүн жер, турак жай жана коммуналдык маселелер боюнча башкы адиси Т Эгембердиевдин маалыматы эске алынсын.
2. Жалал-Абад областык чек ара штабын куруу үчүн Жаңы-Кыштак айылындагы № 233-контурдагы кайра бөлүштүрүү фондунун жеринен узунунан 1,5 га жер аянты ажыратылып берилсин.
3. Ажыратылып берилген жердин тиешелүү документтерин даярдап берүү жагы райондук кадастр жана кыймылсыз мүлктөрдү каттоо башкармасынын жана райондук шаар курулуш жана архитектура бөлүмүнөн суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Мамыров |