Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-марты № 1
Момбеков айыл Өкмөтүнүн 2014-жыл ичинде социалдык-экономикалык иштери боюнча отчетун угуу жана 2015-жылга карата алдыга койгон милдеттери жөнүндө
Айыл Өкмөт башчысы Д Төрөкановдун отчетун угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын 21-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Момбеков айыл Өкмөтүнүн аймагында 2014-жыл ичинде социалдык - экономикалык иштери боюнча айыл Өкмөтүнүн башчысы Төрөканов Данияр Байжигитовичтин билдирүүсү эске алынсын.
2. 2014-жыл ичинде социалдык-экономикалык иштери боюнча айыл Өкмөтүнүн башчысы Төрөканов Данияр Байжигитовичтин жүргүзгөн иштери канааттандырарлык деп табылсын.
3. Момбеков айыл Өкмөтүндө 2014-жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик салыктардын түрлөрү, социалдык фонд төлөмдөрү боюнча бекитилген план-милдеттенмеден ашыгы менен аткарылгандыгы эске алынсын.
4. Айыл чарбасында жана социалдык тармакта 2015-жылы кабыл алынган иш пландардын үстүндө иш алып баруу жагы айыл Өкмөтүнүн орун басары З.Тиллебаевке жана социалдык маселелер боюнча башкы адиси Ж. Субановага милдеттендирилсин.
5. Жергиликтүү бюджеттин аткарылышын камсыз кылуу, отчот-учот иштерин так жүргүзүү менен мамлекеттик салыктар жана социалдык фонд төлөмдөрүн, КБФнын жеринин ижара акыларын ай сайын белгиленген план милдеттенмелер боюнча чараларды көрүп, иш алып баруу жагы салыкчыларга, соц.фонд кызматкери жана Ф.Э.Б.нө милдеттендирилсин.
6. Айыл Өкмөтүнүн аймагында жакырчылыкты кыскартуу жана жоюу максатында жамааттык топторду түзүп, чакан ишкердикти уюштуруу боюнча микро кредиттерди алуу боюнча бизнес проектилерди түзүп, иш алып баруу жагы социалдык маселелер боюнча башкы адиси Ж Субановага жана айыл башчыларына жүктөлсүн.
7. Тышкы инвестицияларды тартып, иш алып баруу жагы жер, турак жай жана коммуналдык маселелер боюнча адиси Т. Эгембердиевге жүктөлсүн.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл Өкмөтүнүн башчысы Д.Төрөкановго жана орун басары З. Тиллебаевке жүктөлсүн.
Төрага | К.Мамыров |