Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-марты № 3
Менчик багарлардын 2015-жылга карата кызмат акысын бекитүү жөнүндө
Момбеков айыл Өкмөтүнүн орун басары З Тиллебаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кеңешинин ХХУI-чакырылышынын 21-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Момбеков айыл Өкмөтүнүн орун басары З Тиллебаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Менчик багарлардын 2015-жылга карата кызмат акысы төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
1. Кара малга - 300 сом
2. Майда жандыктарга - 80 сом бекитилген баадан ашыкча акча каражатын мал ээлеринен алган менчик багарларга айыл Өкмөт тарабынан чара көрүлө тургандыгы менчик багарларга эскертилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл Өкмөтүнүн орун басары З.Тиллебаевге, агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл башчыларына жүктөлсүн.
Төрага | К.Мамыров |