Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 13-апрели № 1
Кыла айылындагы борбордук маданият үйүнүн чатырын алмаштыруу жана сыртын косметикалык ремонттоо үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Кыла айылындагы борбордук маданият үйүнүн чатырын алмаштыруу жана сыртын косметикалык ремонттоо үчүн Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин түрткү берүүчү үлүштүк грантка жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү айыл Өкмөтүнүн жер, турак жай жана коммуналдык маселелер боюнча башкы адиси Т Эгембердиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезексиз 22-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Айыл Өкмөтүнүн жер, турак жай жана коммуналдык маселелер боюнча башкы адиси Т. Эгембердиевдин маалыматы эске алынсын.
2. Кыла айылындагы борбордук маданият үйүнүн чатырын алмаштыруу жана сыртын косметикалык ремонттоо үчүн Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин түрткү берүүчү үлүштүк грантка 2015-жылдын жергиликтүү бюджеттин эсебинен 150 (бир жүз элүү миң) сом, 2016-жылдын жергиликтүү бюджеттин эсебинен 150 (бир жүз элүү миң) сом, жалпысы болуп 300 (үч жүз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл Өкмөтүнүн Ф.Э.Б. башчысы А. Ырыскуловага, финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Мамыров |