МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Момбеков айылдык кеңешинин ХХVI чакырылышынын 22-сессиясы
2015-жылдын 13-апрели № 2
Момбеков айыл Өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик жер салыгын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын салык кодексинин негизинде айыл Өкмөтүнүн салык боюнча башкы адиси Б.Мураталиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кеңешинин ХХУI-чакырылышынын кезексиз 22-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Айыл Өкмөтүнүн салык боюнча башкы адиси Б Мураталиевдин маалыматы эске алынсын.
2. Момбеков айыл Өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик жер салыгы өзгөртүүсүз 2014-жылдагы өлчөмдө калтырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл Өкмөтүнүн салык боюнча башкы адиси Б Мураталиевге жүктөлсүн.
Төрага | К.Мамыров |