Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 4-декабры № 6
Момбеков айылдык Кеңешинин токтомдору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 08.12.2009-жылдагы № 743 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндөгү” Жобосуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 25.03.2010-жылдагы № 184 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндөгү” типтүү Жобосуна ылайык Момбеков айылдык Кеңешинин ХХVI-чакырылышынын 10-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Момбеков айылдык кеңешинин ХХVI чакырылышынын токтомдору мамлекеттик тилде кабыл алынсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин төрагасы К.Мамыровго жүктөлсүн.
Төрага | К.Мамыров |