Редакцияот 24.08.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 24-августу № 18

Төрт-Гүл айылдык кеңешинин XVIII сессиясын мамлекеттик тилде өткөрүү жана токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 25.03.2010-жылдагы 184 сандуу токтому менен бекитилген «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндө» типтүү  жобонун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 08.12.2009-жылдагы 743 сандуу токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобосуна ылайык айылдык кенеш тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын мыйзамдуулугун, юридикалык күчүн камсыз кылуу максатында Төрт-Гүл айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төрт-Гүл айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы мамлекеттик тилде өткөрүлүп, токтомдору мамлекеттик тилде кабыл алынсын.

2. Кабыл алынган токтомдорду мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Баткен облустук юстиция башкармалыгынан суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук депутаттык статус этика билим, маданият жана координациялык кеңеш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.  

 

Төрага

М.Жалалов