Редакцияот 09.07.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 9-июлу № 1

Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чоң-Талаа айылындагы 27 га жер аянтына муниципалдык мечит куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын  жер кодексинин 32-беренесинин 4-пунктунун жана Баткен облустук мусулмандар казысынын 2015-жылдын 11-июнундагы №108 чыгыш катынын негизинде Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чоң-Талаа айылына муниципалдык мечит куруу үчүн депутаттар арасында кеңири талкууланып Төрт-Гүл айылдык  Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чоң-Талаа айылынын түндүк-чыгыш тарабындагы социалдык объектилер үчүн бөлүнгөн жер аянтынан муниципалдык мечит курууга 0,12 га жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн 27 га жер аянтына түзүлгөн Генпланына өзгөртүү киргизилсин.

3. Токтомдун аткарылышын контролдоо жагы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Артыковго тапшырылсын

 

 

Төрага

М.Жалалов