Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-октябры № 1
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн өнүктүрүү стратегиясы жана инвестициялык планына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги тарабынан жарыяланган “Коммуналдык инфратүзүмдөрдү каржылоо VIP-KFW 3-этап” долбоорунун алкагында инвестициялык конкурска катышуу үчүн ар бир айылдын көйгөйлөрүн калк аркылуу аныктап чыгышкан демилгечи топтордун сунушун карап жана коомдук угуулардын жыйынтыгынын негизинде Төрт-Гүл айыл аймагынын өнүктүрүү стратегиясы жана инвестициялык планына өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү максатында Төрт-Гүл айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ар бир айылдын көйгөйлөрүн калк аркылуу аныктап чыгышкан демилгечи топтордун сунушунун жана коомдук угуулардын жыйынтыгынын негизинде Төрт-Гүл айыл аймагынын өнүктүрүү стратегиясы жана инвестициялык планы өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Гүл айылдык кеңешинин экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.Жалалов |