Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-октябры № 2
Жаш мугалимдерге жөлөк пул берүү жөнүндө
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептеринде жаңыдан эмгек жолун баштаган жаш мугалимдерге жөлөк пул берүү жөнүндө депутаттар арасында кеңири талкууланып Төрт-Гүл айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептеринде жаңыдан эмгек жолун баштаган жаш мугалимдерге 5000 (беш миң) сом өлчөмүндө материалдык жардам берилсин.
2. Акча каражатын бөлүп берүү жагы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.Жалалов |