Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 5-августу № 1
Депутат Сапарбаев Сагындыктын сунушу боюнча белгилүү инсандарга атуулдукту берүү жөнүндө
Депутаттардын сунушун угуп жана талкуулап Кызыл-Жылдыз айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Жылдыз айылынын ардактуу атуулу деген наам төмөндөгү белгилүү
инсандарга берилсин
1. Асаналиев Мукан – жазуучулар союзунда котормо бөлүмүнүн жетекчиси
2. Осмоналиев Арстанбек – Экономика илимдеринин доктору, профессор
3. Осмоналиев Каныбек – Оор атлетика боюнча дүйнөнүн 4 жолку чемпиону
4. Үмөталиев Өмүрбек - Республикалык Аксакалдар кеңешинин төрагасы
2. Наам берилген күндөн тартып Кызыл-Жылдыз айылындагы ардактуу атуулдардын тизмесине кошуу жооптуу катчы А.Байбагышовага жүктөлсүн.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын контролдоо Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын өкмөтүнүн башчысы Б.Кыдырмаевке жүктөлсүн.
Төрайым | Г.Калмаматова |