Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 5-августу № 2
Кампанын ичиндеги 0.45 сотых жерди өндүрүш жеринен турак жай куруу жерине трансформациялоо жөнүндө
Депутаттардын сунушун угуп талкуулап айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Жылдыз айылынын кампанын ичинен өндүрүш жеринен 0.45 сотых жер турак жай куруу жерине которулсун.
2. Иш-кагаздарын даярдап берүү жагы Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Мындан ары кампанын ичинен жер бербөө жагы жер комитетине тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышына жооптуу болуп Кызыл-Жылдыз айыл аймагында түзүлгөн жер комиссиясы эсептелсин.
5. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын юстиция башкармалыгына жонөтүлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын өкмөтүнун башчысы Б.Кыдырмаевке жүктөлсүн.
Төрайым | Г.Калмаматова |