Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 5-августу № 4
Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын участкасына жүн иштетип тазалоо жана тигүүчү ишкана ачуу боюнча ПРООН тарабынан каржыланган проектинин долбоорунун бюджетин бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кыдырмаевдин маалыматы жана Кызыл-Жылдыз айылдык кеңешинин депутаттарынын билдирүүсун угуп жана талкуулап Кызыл-Жылдыз айылдык Кеңешинин чакырылышынын кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын участкасында жүн иштетип тазалоо жана тигүүчү ишкана ачуу боюнча ПРООН тарабынан каржылаган проектинин долбоорунун бюджети 683 715 мунун ичинен ПРООН тарыбынан берилүүчү сумма 446 500 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Саятчиновага милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын контролдоо Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кыдырмаевке жүктөлсүн.
Төрайым | Г.Калмаматова |