Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 5-августу № 5
Кызыл-Жылдыз айыл аймагындагы ИСКАКБ «Бок-Тай» булагын кеңейтүү боюнча ПРООН тарабынан каржыланган проектинин долбоорунун бюджетин бекитүү жөнүндө
Кун тартибиндеги маселе боюнча Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кыдырмаевдин маалыматы жана Кызыл-Жылдыз айылдык кеңешинин депутаттарынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кызыл-Жылдыз айылдык Кеңешинин чакырылышынын кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Жылдыз айыл аймагындагы ИСКАКБ «Бок-Тай» булагын кеңейтүү боюнча ПРООН тарабынан каржылаган проектинин долбоорунун бюджети 509 600 мунун ичинен ПРООН тарыбынан берилүүчү сумма 402 000 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын финансы-экономика бөлүмунун башчысы Ж.Саятчиновага милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын контролдоо Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын өкмөтүнүн башчысы Б.Кыдырмаевке жүктөлсүн.
Төрайым | Г.Калмаматова |